Бардык жаңылыктар

Опубликовано 17 июня 2026, 12:02

Ишкерлер үчүн «Оптима Бизнес» тутумунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Урматтуу кардарлар!

«Оптима Банк» ААК «Оптима Бизнес» аралыктан банктык тейлөө тутумунун (АБТТ) функционалын кеңейтет. Эми юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге мамлекеттик органдардын дарегине бюджеттик төлөмдөрдү өз алдынча тариздөө жана мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде төлөө мүмкүнчүлүгү берилди. Бардык операциялар Банк тарабынан комиссия албастан жүргүзүлөт.

«Оптима Бизнес» тутумунда төмөнкү онлайн төлөмдөр жеткиликтүү:

  • салыктар, жыйымдар жана төлөм коду боюнча салыкты төлөө;
  • камсыздандыруу төгүмдөрү жана КР Социалдык фондуна төлөмдөр;
  • электрондук патенттерди тариздөө жана төлөө;
  • «Түндүк» жана «Электрондук нотариат» сервистеринин кызматтары;
  • КР Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин төлөмдөрү;
  • «Токой чарбасын башкаруу» АТТ кызматтары жана бюджеттик насыяларды төлөө;
  • электрондук соода аянтчаларындагы кепилдик төгүмдөр;
  • «Инфо-Система» МИ аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар.

Тутумда күчөтүлгөн электрондук кол тамганы колдонгон кардарлар үчүн Банк ачкычтарды коопсуз сактоо жана документтерге кол коюу үчүн USB-токендерди (Рутокен ЭЦП 3.0) берет.

Тарифтердин өзгөрүшү жөнүндө билдирүү: Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн, анын ичинде «Корпоративдик бизнести тейлөө борбору» филиалындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн Тарифтерине өзгөртүүлөр киргизилгендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Жаңы редакция 2026-жылдын 26-июнунан тартып күчүнө кирет.

Банктын актуалдуу Тарифтери менен таанышуу

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!