Бардык жаңылыктар

Опубликовано 13 июля 2026, 17:57

«ТЕЗ КРЕДИТ» өнүмүн тариздөө шарттарынын жана жолдорунун өзгөрүшү

Урматтуу кардарлар!

«Оптима Банк» ААКтын бөлүмдөрүндө «ТЕЗ КРЕДИТ» өнүмүн тариздөө шарттары өзгөргөндүгүн маалымдайбыз. 2026-жылдын 31-июлунан тартып Банктын бөлүмдөрүндөгү адистер аркылуу кредитти тариздөө 50 001 сомдон башталган суммаларга жеткиликтүү.

50 000 сомго чейинки (кошо алганда) «ТЕЗ КРЕДИТТИ» кантип алууга болот? 50 000 сомго чейинки кредитти алууга өтүнмөнү Optima24 мобилдик колдонмосунан онлайн режиминде оңой жана тез тариздей аласыз.

Optima24 аркылуу кредит алуунун артыкчылыктары:

  • Муздатуу мезгилисиз каражаттарды көз ирмемде чегүү;
  • Банктын офистерине келбестен, 24/7 форматында ыңгайлуу жана толугу менен аралыктан тариздөө.

Зарылчылык келип чыккан учурда Банктын бөлүмдөрүндөгү кызматкерлер сизге кеңеш берүүгө жана мобилдик колдонмодо өтүнмөнү тариздөөгө жардам берүүгө дайым даяр.

Оптима Банк — сиздин ишенимдүү каржылык өнөктөшүңүз!