Интернет-эквайринг  - бул, интернет-дүкөндүн же интернет-сервистин интернет сайтында түздөн түз товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн, банктык карталарды төлөөгө кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү кызмат.  

IT-технология жеке жана ишкер күнүмдүк жашоого күн сайын көбүрөөк жайылтылууда, ошондой эле заманбап дүйнөдө көптөгөн кардарлар дүкөндөрдө, супермаркеттерде, мейманканаларда жана башка компанияларда товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөм картасы менен эсептешүүнү артык көрүшөт. Пластикалык карточкаларды тейлөө, түзүлүп жаткан рынок шарттарында заманбаптуу жана артыкчылыктуу, келечектүү жана зарыл.  Банктык төлөм карточканын жардамы менен, анын ичинен Интеренет/мобилдик тиркемелер тармагы аркылуу,  товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кардарлар тарабынан жүргүзүлгөн төлөм операциялары боюнча соода жана сервис уюмдарын жана ишканаларын тейлөөнү ишке ашырабыз.

Заманбап дүйнөнүн стандарттарына туура келишин каалаган интернет-дүкөндөр же интернет-сервистер, өздөрүнүн кардарлары үчүн банктык карточка менен төлөөнү камсыздоо маселесин өздөрү үчүн чечиши керек. 

Ишканалар үчүн,  «Оптима Банк» ААКсынын Интернет-эквайрингинин артыкчылыктары:

1.  Кирешенин көбөйүшү, ошондой эле төлөм карталарын (дүйнө жүзүндөгү бардык карталар) кармоочулардын жаңы максаттуу аудиториясын камтуу эсебинен атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу;

2.  Уюмга пайдалуу бөлүнгөн, төлөмдөрдү кабыл алуунун кошумча заманбап каналы;

3.  Калыстыкты жана кардарлардын ишенимин жогорулатуу, туруктуу кардарлардын санын көбөйтүү, төлөө кепилдиги;  

4.  Максаттуу аудиторияны географиялык жактан камтуу чектелген эмес;

5.   Төлөмдөрдү жүргүзүү коопсуздугу 3D-Secure  технологиясы менен камсыздалат, бул болсо, 24/7 режиминдеги алдамчылыктын натыйжасында финансылык жоготуулардын тобокелдигин төмөндөтөт;

6.  Тыныгуусуз иштөө режими - 24/7/365;

7.  Жасалма акчалар менен эсептешүү тобокелдигинин жоктугу;

8.  Банк тарабынан түшкөн акчаны инкассациялоо боюнча чыгымдарды минималдаштыруу.

Сатып алуучулар үчүн:

1.  Үйдөн чыкпастан сатып алууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү; 

2.  Тыныгуусуз иштөө режими - 24/7/365;

3.  Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көп түрү жана көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын кеңири тизмеси;

4.  Электрондук социалдаштыруу;

5.  Жашырындуулук;

6.  Төлөмдөрдү жүргүзүү коопсуздугу 3D-Secure  технологиясы менен камсыздалат, бул болсо, 24/7 режиминдеги алдамчылыктын натыйжасында финансылык жоготуулардын тобокелдигин төмөндөтөт;

Комиссия транзакциялардын көлөмүнөн гана алынат жана комиссия өлчөмү жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнө жараша болот.

Абоненттик төлөм – алынбайт жана башка коюшумча комиссиялар жок.  

Кызмат көрсөтүүгө кошуу жана баракты иштеп чыгуу   –  акысыз.

Сиз интернет-эквайрингге кошулуу боюнча кызматташуу үчүн, төмөндөгү табыштаманы толтурушуңуз керек
1. Уюмдун аталышы*:
Уюмдун аталышын көрсөтүүңүздү, өтүнөбүз
Уюмдун факты жүзүндөгү дареги:*
Уюмдун факты жүзүндөгү аталышын көрсөтүүңүздү, өтүнөбүз
(шаар, калктуу пункт, көчө, үй №)
Иштин түрү*:
Уюмдун ишинин чөйрөсүн көрсөтүүңүздү, өтүнөбүз
Байланыша турган адам*:
Байланышуучу адамды көрсөтүүңүздү, өтүнөбүз
Электрондук почтанын дареги:
Телефон*:
Пожалуйста, укажите номер телефона
Интернет-эквайринггди кошуу пландалган сайттын аталышы:
Пожалуйста, укажите название сайта
(на котором планируется подключить интернет-эквайринг)
reCAPTCHA талаасына желекчени коюуңузду, өтүнөбүз
Сиз, reCaptcha текшерүүсүнөн өтпөй калдыңыз