Жаңы Интернет – банкинг https://optima24.kg. Менен онлайн режиминде үйдөн эле, эсеп боюнча көчүрмөнү алууга же картаны тосмолоого, картадан картага акчаны которууга, коммуналдык жана башка кызматтарга төлөөгө болот.

  • Сиздин өздүк жана карталык эсептериңиздин абалын контролдоңуз
  • Кызмат көрсөтүүгө төлөңүздөр
  • “Оптима Банк – АТФ Банк” тармагынын ичинде карталар боюнча акча которууларды жүргүзүңүз

Optima24 - «Оптима Банк» ААКсындагы Сиздин жеке банктык онлайн

ЖЕТКИЛИКТҮҮ
Optima24 дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун күнү-түнү жеткиликтүү
ЫҢГАЙЛУУ
Жөнөкөй каттоо + түшнүктүү интерфейс
ТЕЗ
Банктык операциялар on-line режиминде жүргүзүлөт
КООПСУЗ
Сиздин мобилдик телефонуңузга SMS-билдирүү аркылуу ар бир төлөмдү тактоо тутуму

«Оптима Банк» Android жана IOS тутумундагы өзүңдүн мобилдик түзүлүшүңдөн финансынын тез жана коопсуз тескөө үчүн, акысыз «Оптима24» мобилдик тиркемесин ишке киргизди.

Оптима24 мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча нускаманы алуу
Download the instruction manual for using Optima24 in English.

Интернет-банкинг Optima24 каттоо

Каттоо процесси - жөнөкөй жана ыңгайлуу

Өзүңүздүн мобилдик телефонуңузга кирүү кодун алыңыз

SMS-кодду ар кандай ыкма менен алса болот: «Оптима Банк» ААКсынын кайсы гана болбосун терминалдары аркылуу, же «Оптима Банк» ААКсынын бөлүнүштөрүнө арыз толтуруу жолу менен
«Оптима Банк» ААКсынын төлөм терминалдарынын даректреинин толук тизмесин алуу

ТӨЛӨМ ТЕРМИНАЛЫ аркылуу ыңгайлуубу?

Төлөм терминалынын менюну тандаңыз:
Банктык кызмат көрсөтүүлөр -> Optima24 тутумунда каттоо
Мобилдик телефонуңуздун номерин көрсөтүп, төлөм карточкаңызды коюп, PIN-кодду киргизиңиз.
Кыска мөөнөттөн кийин Сиз көрсөткөн телефонго https://optima24.kg каттоо үчүн коду менен SMS келет

https://optima24.kg сайтында катталыңыз

SMS-код алгандан кийин, https://optima24.kg сайтына кириңиз жана «Каттоо» кнопкасын басып, андан ары сайттагы нускамага ылайык иштеңиз.

Банктын байланыш борбору аркылуу аралыктан каттоодон өтүү жөнүндө өтүнүч кат калтырыңыз

Банктын филиалына кайрылбастан, арыз толтуруу менен Optima24 каттоосунан өтсөңүз болот.

Белгиленген убакытта арызды толтургандан кийин банктын кызматкери сизден Skype тиркемеси аркылуу алыстан идентификациялоо үчүн байланышат. Арыз Банк тарабынан аралыктан ийгиликтүү аныктоодон кийин каралат.

Айып пул алдыңызбы жана аны тезирээк төлөгүңүз келип жатабы?

“Фотодо жана видеодо белгилегендер үчүн айып пулдар/ жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдарды төлөө абдан оңой болуп калды, эми айып пулдарды «Optima24» мобилдик тиркеме аркылуу төлөсө болот!

Ал үчүн, планшеттин же телефондун жардамы менен “бюджеттик төлөмдөр” бөлүмүнө кирип, керектүү маалымдаректерди киргизүү керек жана төлөмдү тастыктоо керек.

Накталай төлөө:
•    Банктын төлөм терминалы аркылуу – 20 сом;
•    Банктын веб-кассасы аркылуу – 20 сом.

Төлөм терминалы аркылуу карт менен төлөөдө комиссия:
•    Банк тарабынан эмитеттелген төлөм карттар (VISA/UPI/Элкарт) – 20 сом;
•    Башка банктар тарабынан эмитеттелген төлөм карттар (VISA/UPI) – 2% + 20 сом;
•    Башка банктар тарабынан эмитеттелген Элкарт төлөм карттары – 20 сом.

Сервис бюджеттик төлөмдөр бөлүмүндө турат.

Оптима24тү көптөн күткөн жана масштабдуу жаңылоо ишке киргизилгендиги жөнүндө билдиребиз. Биз, маанилүү болгон ичин жана сыртын жакшыртууну иштеп чыгуу менен, ар бир кардар үчүн Оптима24 максималдуу түрдө ыңгайлуу, жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушуна аракеттенип жатабыз. Жаңы Оптима24 интернет-банкингди ишке киргизүү, “Оптима Банктын” чекене бизнесин санариптештирүү алкагында, кезектеги кадам болуп эсептелет.

Эмне жаңычылыктар бар?

“Оптима Банк” жаңы версияда бир катар жакшыртууларды жасады.

Бардык карттар бир тиркемеде:
Оптима24тө Элкарт улуттук картынын мүмкүн болуучу байланышы.

Сервистердин көбөйүшү:
маалыматтык жана аналитикалык сервистер менен толуктоо.

Конверсиялык операциялар:
мультивалюталык карттын ичинде валюталар ортосундагы алмашуулар.

Лимиттерди жана чектөөлөрдү тескөө:
лимиттерди жана карттар боюнча жетүү мүмкүнчүлүктөрүн ийкемдүү тууралоо.

Эсептерди ачуу:
эсептерди жана депозиттерди алыстан туруп ачуу, ошондой эле көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу өзгөртүүлөр!

Жакшыртылган дизайн:
негизги жаңылоо графикалык интерфейске токтолгон. Элементтер жана барактар, мобилдик тиркеменин дизайнынын жана версткасынын жаңы принциптерине ылайык иштелип чыккан. Оптима24түн жаңы интерфейси Сиздин ишиңизди жагымдуу жана жайлуу кылат.

Optima24тү колдонуу боюнча нускама

Көңүл бургула!

- Жаңы версияны жайылтууда, Оптима24 интернет – банкинг убактылуу иштебейт.
- миргация мезгилинде гаджетине операциялык тутумду орнотуп алган колдонуучулар үчүн, Оптима24 мобилдик версиясы узак убакытка чейин жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Web – версиясы жеткиликтүү болот.

Оптима24түн жаңы версиясын пайдаланууга киргизүү менен байланышкан убактылуу ыңгайсыздактар үчүн, алдын ала кечирим сурайбыз.