«Оптима Банк»  ААКсынын VISA төлөм картасын алуу менен, Сизде Amazon, Ebay, TaoBao, Aliexpress  соода аянттарында жана дүйнө жүзү боюнча башка интернет-дүкөндөрдөн сатып алууларды жүргүзүү жана төлөө, ошондой эле Apple Store, Google Playде сатып алууларды жүргүзүү, интернет аркылуу мейманканаларды сактап коюу мүмкүнчүлүгү бар *.

Интернет дүкөндөрдө сатып алууларга төлөө үчүн, Сиз, “Оптима Банк” ААКсынын кайсы гана болбосун тейлөө  пунктуна арыз жазышыңыз керек жана интернет сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө кошулушуңуз керек.  Интернеттен сатып алуу үчүн жетүү  мүмкүнчүлүгү, ар бир карта үчүн өзүнчө кошулат.

«Оптима Банк» ААКсынан интернет-сатып алуулар: 

КООПСУЗ
ИШЕНИМДҮҮ
КАЙСЫ ГАНА УЧУР БОЛБОСУН КҮНҮ-ТҮНҮ ЖАРДАМ

Ошондой эле, интернет-сатып алуулар үчүн, төрт валютада ачылган (сом, АКШ доллары, евро, рубль),  “Оптима Банк” ААКсынын мультивалюталык картасын колдонуу ыңгайлуу,  бул валюталардын алкагында сатып алууларда курстук айырма пайда болбойт.

«Оптима Банк» ААКсынын мультивалюталык картасы менен жагымдуу сатып алууларды жүргүзүңүз!

Интернет-дүкөндөрдө карта менен кантип эсептешүү керек:  

  1. Интернет-сатып алууларга  жетүү мүмкүнчүлүгүн кошуңуз;
  2. Сатып алууну тастыктоо алдында, сатуучу сайттагы сатып алуу суммасын жана маалыматтары туура көрсөтүлгөндүгүн текшериңиз;
  • Сатып алуулардын коопсуздук тутумун белгилеген, баракчаларында Verified by Visa логотиби бар интернет-дүкөндөрдөн гана сатып алууларды жүргүзүүгө кеңеш беребиз.
  1. Сатып алууларга эсептешүүдө, маалыматтарды туура киргизиңиз:
  • Карта кармоочунун фамилиясы жана аты; 
  • Картанын номери;
  • Картаны колдонуу мөөнөтү;
  • CVV код (картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн үч орундуу сан). 

Сизге 3D Secure шарттуу белгиси келген жок, анткени, Банктын маалыматтар базасында Сиздин  телефондун актуалдуу эмес номери көрсөтүлгөн.

  • Карта боюнча интернет-сатып алууларга жетүү мүмкүнчүлүгү ачылган эмес; 
  • Эсепте акча каражаттары жетишсиз;
  • Карта боюнча сатып алуулар операциясына лимит жетишсиз;
  • Картаны колдонуу мөөнөтү аяктаган (картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн);
  • Сатып алууларды жүргүзүү Банк (сатуучу тарабынан белгиленген чектөөлөрдү жасоого мүмкүнчүлүк бербейт  (мисалы, конкреттүү өлкөдө берилген же картанын конкреттүү түрү кабыл алынбайт);

* Колдонулган программалык камсыздоого туура келерин, ошондой эле  интернет-браузердин тескөөлөрү жана кеш-эске тутуусун текшерүүнү сунуш кылабыз. 

Күнү-түнү иштеген Контакт-борбор сутканын кайсы гана учурунда болбосун, Сизге жардам берүүгө даяр жана интерент-сатып алууларды жүргүзүп жатканда Сизде пайда болгон кайсы гана маселелер болбосун Сиз менен бирге чечет. 

(312) 90 59 59,  0- 800-100-00-00* («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз)

О!, Beeline жана MegaCom тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: *1001 (чалуу акысыз)


* VISA Instantтан сырткары.