2022-жылдын 1-ноябрынан баштап «Оптима Банк» ААК Ош шаарынын тургундары үчүн «Белектер банкы» атайын акциясын баштайт.  3 ай бою Банк телевизорлорду, электр самокаттарды, жаңы IPhone 14 pro (256 ГБ), ошондой эле акциянын аягында башкы байге - 3 000 доллар өлчөмүндө Дубайга эки кишилик Саякат үчүн сертификат берет!

Катышуу шарттары жөнөкөй:

Сиз «Оптима Банк» ААКнын Visa картасынын ээси болушуңуз керек же жаңы карта ачып, «Оптима Банк» ААКсынын Ош шаарындагы каалаган филиалынан Optima24 интернет-банкингине кошулуп, упай топтоп башташыңыз керек. Optima24 түн мурда катталган колдонуучулары, ошондой эле жаңы кардарлар 3 упайга ээ болушат.

Кошумча упайларды алуу үчүн 1000 сом же андан көп суммага  (же чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттүү) төмөнкү операцияларды жүргүзүү керек:

  • Сбербанк Онлайндан 5000 сомдон ашык кирген акча которуулар - 0,5 упай
  • Optima24 мобилдик тиркемесинде Visa2Visa башка банктардын Visa карталарына акча которуулар - 1 упай;
  • Оптима24 электрондук банкинги аркылуу коммуналдык кызматтарды төлөө, балансты толуктоо, ошондой эле башка кызматтар үчүн төлөө - 1 упай;
  • Банк тармагынын Pos  -терминалдарында жана башка Банктарда товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөм – 2 упай;
  • Интернет төлөмдөр – 2 упай.

Көбүрөөк упай топтоп, байгелерди утуп алыңыз!

Акция 1.11.2022-жылдан 31.01.2023-жылга чейин созулат, ай сайын эң көп упай алган үч катышуучу сыйлыкка ээ болот:

 3-орун - электросамокат;

2-орун - ТВ;

1-орун - iPhone 14 Pro (256 ГБ).

Жеңүүчүлөр ай сайын 21-де жарыяланат.

Үч айдан кийин эң көп упай топтогон картанын ээси акциянын башкы жеңүүчүсү болуп калат жана башкы байгеге ээ болот – Дубайга 3000 доллар өлчөмүндө эки кишилик саякатка сертификат алат!