«Fast Funds» – картаны чыгарган өзүнүн Банкынын ичинен картадан картага акча которууну гана эмес, ошондой эле башка Банктар чыгарган төлөм карталарына акча каражаттарын жөнөтүүнү жүзөгө ашырууга карта кармоочуларга мүмкүндүк берүүчү  Visa Money Transfer акча которуулар тутумунун сервиси.   «Оптима Банк» ААКсы которулган акчаларды алуучу катары бул кызматты колдойт. Fast Funds тутуму боюнча жөнөтүлгөн акча которууларды алууну, Карта кармоочу акча жөнөтүлгөн учурдан баштап 3  мүнөттүн ичинде алса болот.   Fast Funds тутуму боюнча которулган акчаларды алуу үчүн, өзүнүн  төлөм картасынын номерин билдирүү жетиштүү.

Көңүл бургула:

Банк тарабынан Fast Funds* кирген акча которуулары боюнча төлөм карталарынын кармоочулары үчүн чектөө белгиленген:

  • Күнүнө келип түшкөн акча которуулардын максималдуу суммасы: 5000 USD
  • Келип түшкөн акча которуулардын максималдуу саны: 2 акча которуу

* Акча которууларды жөнөтүүчү Банк, акча которуулардын саны жана суммалары боюнча жөнөтүүчүнү чектей алат.  Акча которуунун суммасын, акча которууну жүргүзүү үчүн комиссияны жана жөнөтүүчүгө  көрсөтүлгөн жана башка  кызмат көрсөтүүлөр, өзүңүздүн Visa International төлөм картаңыз менен Банк-эмитенттен тактаңыз.

Банктын кардарлары үчүн артыкчылыктар:

  • Fast Funds акча которуулары тез которулуучу болуп эсептелет жана дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүнө болбосун    акча которулган учурдан баштап, 30 мүнөттүн ичинде акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү;             
  • VISA International эл аралык төлөм тутумунун карталарын тейлөөгө карата кабыл алынуучу, кайсы гана банкоматтан же POS-терминалдан акча которууну акчалай алуу;                   
  • Сизге ыңгайлуу убакытта, которулган акчаны алуу мүмкүнчүлүгү.