3D Secure деген эмне?

3D Secure – 3-D Secure купуя белгисин киргизүү жолу менен карточканын ээсине кошумча индентификациялоо  жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү,   VISA төлөм тутуму аркылуу иштелип чыккан өзгөчө технология.   3D Secure төлөм карталарын колдонуу, Интернеттеги алдамчылык деңгээлин бир кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.  

Динамикалыктан статикалык сыр белги эмнеси менен айырмаланат?   

Статистикалык (туруктуу) сыр белги Интернеттеги бардык операцияларда колдонулганы менен динамикалык купуя белгиден айырмаланат. Динамикалык сыр белги Интернет тармагындагы ар бир операцияларга генерирленет. Динамикалык купуя белгини колдонуу менен, Интернет тармагында жүргүзүлгөн операциялардын корголгондугу абдан жогору.   

       

3D secure кызматын кантип кошуу керек?

3D secure кызматы карта ачууда автоматтык түрдө кошулат.

Менин картам менен жүргүзүлгөн алдамчылык операциялардан 3D Secure кантип коргойт?

3D Secure технологиясын колдогон интернет-дүкөндө 3D Secure технологиясын колдонуу менен сатып алып жатканда, Сизге гана белгилүү болгон,  3D сыр белгисин киргизүү Сизге сунуш кылынат. 3D Secure технологиясын колдогон интернет-дүкөндүн белгиси болуп, интернет-дүкөндүн сайтында  Verified by Visa логотиби болушу эсептелет.

Сыр киргизгенден кийин, интернет-дүкөн менен Банктын процессинг борборунун ортосунда кошумча корголгон туташтыргыч орнотулат жана Сиз тарабынан киргизилген маалыматтарга идентификация жүргүзүлөт. Сатып алгандарга төлөө, идентификация ийгиликтүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө Банктын процессинг борборунан интернет-дүкөн тастыктама алган  учурда гана жүргүзүлөт.

3D Secure сервисинен баш тарта аламбы?

3D Secure кызматынан баш тартууга болбойт.  «Оптима Банк» ААКсынын бөлүмү аркылуу же «Оптима Банк» ААКсынын Контакт-борборуна чалуу менен, Интернетте төлөө мүмкүнчүлүгүн  алып салууга болот.

Эгерде мен бир жолку сыр белги менен SMS албасам, эмне кылышым керек?

Эгерде Сиз, сайтында  Verified by VISA логотиби көрсөтүлгөн интернет-дүкөндө  төлөп, бирок сыр белги менен  SMS келбесе, сыр белгини киргизе турган жердин алдындагы “SMS боюнча бир жолку сыр белгини алган жоксузбу?” деген шилтемени басыңыз.

Мен жүргүзбөгөн интернет-операция менин эсебимде жүргүзүлсө, эмне кылуу керек?

Эгерде төлөм картанын эсеби боюнча Сиз жүргүзбөгөн операция баары бир келсе, Банктын бөлүмүнө кайрылып, арыз жазуу керек. Банк эл аралык төлөм карталар тутумунун эрежелерине ылайык, талашуу жол-жобосун жүргүзөт.

3D Secure сыр белгиси дайым эле суралабы?

Жок, бардык эле интернет-дүкөндөр 3D Secure коопсуз төлөм тутумунун катышуучусу болуп эсептелбейт. Эгерде сатып алуулар ушундай дүкөндөрдө жүргүзүлсө, анда купуя сыр суралбайт. Мындай учурларда, талаш-тартыштар пайда болгондо, Сиз корголосуз, б.а. Сиздин картаңыз коопсуз төлөмдөр программасына кошулган.

Коопсуз төлөм тутумунун катышуучусу болуп эсептелген интернет-дүкөндөр, төмөндөгүдөй логотиптерге: