Алдамчылыктан кантип коргонуу керек?

Сиз өзүңүздүн мүлкүңүздү сактагандай, төлөм карталарын сакташыңызга кенеш беребиз. Сиз коопсуздук эрежелерин сактасаңыз, Сиздин карточка боюнча алдамчылык тобокелдигин азайтууга жардам берет.

Төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз: 

  • «Оптима Банк»  ААКсы Сизден электрондук почта боюнча жеке маалыматыңызды ЭЧ КАЧАН СУРАБАЙТ, б.а. бул,  коопсуздук түшүнүгүнө каршы келет. 
  • Күмөндүү операциялар жөнүндө билдирүүлөргө көңүл бурууңузду өтүнөбүз. Эгерде Сизге, Сиздин эсепке Сиз күтпөгөн акча келип түштү деп билдирүү келсе, анда алдамчылык аракетинен шек саноо үчүн ушул эле жетиштүү.
  • Эгерде Сиз, алдамчылыктын курмандыгы боло элек болсоңуз же Сиздин акчаларыңыз чоочун бирөөнүн колуна түштү деп шек санасаңыз,  Сиз «Оптима Банк» ААКсынын Контакт-борборуна төмөндөгү телефондор боюнча тезинен кайрылууңузду сунуш кылабыз: +996 312 90 59 59 же 0- 800-100-00-00.

Коопсуздуктун зарыл чараларына карата сунуштар

Каякка чалуу керек?
Банкомат аркылуу операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары
Төлөм карточкаларын колдонуу боюнча пайдалуу кеңештер

Алдамчылыктын абдан жайылтылган түрлөрү:

  1. Фишинг
  2. Скимминг

Коопсуздуктун зарыл чараларына карата сунуштар:

  • Банк тарабынан Сизге берилген карточканы колдонуу эрежесин окуп чыгыңыз, эгерде Сизге кандайдыр бир эреже түшүнүксүз болсо, Банктын кызматкери менен байланышыңыз.
  • Карточкаңызды эч качан кароосуз калтырбаңыз, аны коопсуз жерге сактаңыз.
  • Төлөм карточкасы менен сатып алгандарга төлөө менен, бардык операциялар Сиздин көз алдыңызда жүргүзүлүшүнө аракет кылыңыз. Сатуучу/официант Сиздин карточкаңызды башка жайга алып кетишине уруксат бербеңиз, операция Сиздин көз алдыңызда жүргүзүлүшүн талап кылыңыз.
  • Сиз сатып алгандардан баш тартсаңыз, же чекти же слипти тариздөөдө ката кетсе, бузулган чип/слип Сиздин катышууңузда жок кылынышын талап кылыңыз, ал эми экинчи нусканы өзүңүз алып, бир ай бою сактаңыз (карталык эсеп боюнча көчүрмө менен салыштырууга чейин).
  • Мүмкүнчүлүккө жараша  карточкаңызды Интернетте колдонбоңуз, электрондук почта аркылуу карточкаңыздын маалым даректерин бербеңиз (карточканын номери, CVV – Card Virtual Verification атайын коду, колдонуу мөөнөтү).
  • Карточкага ПИН-кодду (жеке идентификациялык номер) эч качан жазбаңыз.  ПИН-кодду эске тутуп алуу керек.   Эгерде Сиз ПИН-кодду жазып алууну чечсеңиз,  ал  Сизден башка кимдир-бирөөгө белгилүү болбосун үчүн, анда муну шифр менен жазыңыз жана аны карточка менен кошо эч качан алып жүрбөңүз. 
  • Эч качан эч кимге ПИН-кодду айтпаңыз, Сиз аны эч кимге билдирүүгө милдеттүү эмессиз: Банктын кызматкерине, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө, соода түйүндөрүнүн кассирлерине дагы.  Карточка  кармоочу гана өзүнүн ПИН-коддун билиши керек.
  • Карточка уурдалган же жоголгон учурда, тезинен Банкка же Авторлоштуруу борборуна кайрылуу керек. Карточка боюнча алдамчылыктын алдын алуу үчүн, Банктын кызматкери карточканы тосмолошу үчүн.
  • Өзүңүздүн карточкаңызды эч качан үчүнчү жакка бербеңиз: досуңузга, өмүрлүк жарыңызга, өзгөчө алар чет өлкөгө бара жатса.  Эгерде банкомат кандайдыр бир себеп менен карточканы алып койсо, Сизде жана Сиздин жакындарыңызда көйгөй пайда болушу мүмкүн. 
  • Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү тарабынан кошумча карточкалардын колдонулушун контролдоңуз. Сиз кошумча карточкалар менен жүргүзүлгөн бардык операциялар боюнча толук жоопкерчилик тартасыз.
  • Эсеп боюнча көчүрмөнү дайыма текшериңиз. Күмөндүү операциялар жөнүндө тезинен шек санап жана билдирсеңиз, андан жакшы. Доо-талап коюу үчүн, айтылган мөөнөттөр бар, анын ичинде Сиз жана Банк кандайдыр бир  чара көрө аласыздар.
  • Чектерди сактап коюңуз жана карточканын эсеби боюнча көчүрмөлөр менен аларды салыштырыңыз. Карточкалык эсебиңиз боюнча калдыктарды дайыма текшерип туруңуз.
  • Өз ыктыярыңыз боюнча чыгымдоонун күнүмдүк же ай сайынкы лимиттерин белгилөө боюнча Банкка кайрылсаңыз болот. Бул болсо, алдамчылыктан Сиздин эсебиңизди кошумча коопсуздукта кармайт.
  • Банктан  кандайдыр бир жеке маалыматтарды билдирүү өтүнүчү менен, электрондук билдирүү алган учурда, Сизге белгилүү болгон телефон аркылуу тезинен Банк менен байланышыңыз жана  Банк чынында эле ушундай билдирүү жөнөткөнүн тактаңыз.
  • Карточкаңыздын маалым даректери чоочун адамдарга белгилүү болуп калганы жөнүндө шек саноо пайда болгон учурда, бул жөнүндө Банкка тезинен билдириңиз.

Банктын мекемесинде же соода түйүнүндө карточка алынган учурда, кассир карточканы алуу убактысын, күнү жана себебин көрсөтүү менен акт түзүшү керек.  Сиздин карточкаңызды алган кассирдин колу коюлган актынын экинчи көчүрмөсүн кассирден алыңыз. Андан соң тезинен банкка же Контакт-борборго кайрылыңыз.

Каякка чалуу керек?

«Оптима Банк» ААКсынын күнү-түнү иштеген Контакт-борборунун телефондорунун номерлери: +996 312 90 59 59 жана 0- 800-100-00-00

Күнү-түнү иштеген Авторлоштуруу борборунун телефон номери  (Алматы шаары): +7 (727) 250-37-64.

Банкомат аркылуу операцияларды жүргүзүүдө коопсуздук чаралары

  • Банкоматтан накталай акчаларды алууда, банкомат Сизге керектүү төлөм тутумунда карточканы тейлей тургандыгын  билүү керек (банкоматтарда кайсы төлөм тутумдарынын карточкалары тейлене тургандыгы жазылып турат).
  • Башка банктардын банкоматтарында акча каражаттарын акчалай алуу үчүн, комиссия алынат, Сиздин Банктыкын толук билип алыңыз.
  • Банкомат аркылуу операция жүргүзүүдө, кырдаалды баалоо зарыл. Банкоматтын бузуктугу жөнүндө кандайдыр бир сырткы белгилерди жана   аны менен катар же анда бөтөн түзүлүштүн болгонун көрүп, бул жөнүндө Банкка билдириңиз жана башка банкоматты колдонуңуз. 
  • Экранында башка банкоматка баруу жөнүндө билдирүү жазылган банкоматтарды колдонбоңуз. Банктар мындай билдирүүлөрдү жайгаштырбайт.
  • Бардык учурларда мүмкүн болушунча Сизге тааныш болгон банкоматты колдонуңуз. Башка учурларда жарык жакшы берилген жана ыңгайлуу жерде жайгашкан банкоматты тандаңыз. 
  • Эгерде Сиз атайын жайда жайгашкан банкоматты колдонгону жатсаңыз,  кирүү түзүлүшүнө карточканы коюп, жайдын эшигин өзүңүздүн карточкаңыз менен ачыңыз. Бул түзүлүш ПИН-кодду киргизүүнү талап кылбашы керек. Эгерде Сиз жайдагы ПИН-кодду талап кылган түзүлүштү көрсөңүз, аны колдонбоңуз. 
  • Сиздин артыңызда кезекте турган адамдар Сиздин ПИН-кодду көрбөй тургандыгына көзүңүз жетсин. ПИН-кодду киргизип жатканда, банкоматтын клавиатурасын колуңуз менен жаап, көрсөтпөңүз.
  • Эгерде банкомат туура эмес иштеп жатканын сезсеңиз, “Токтотуу”  кнопкасын басып, карточканы алып, башка банкоматты колдонуңуз.
  • Карточка сала турган жерге карточканы киргизүү үчүн  (кабыл алуу түзүлүшүнүн тешигине)  эч качан күч колдонбоңуз.
  • Сиз банкоматта турганда кимдир-бирөө Сизди алаксытуусуна мүмкүнчүлүк бербеңиз. 
  • Операция аяктагандай кийин накталай акчаларды жана карточканы алыңыз. Банкоматтын жанына туруп алып, алган акчаны санабаңыз – акчаларды, карточканы жана чекти дароо алыңыз.
  • Эгерде Сиздин карточкаңыз банкоматта калып калса, Сизге жардамга келген адамдардан сак болуңуз. Сиздин карточкаңызды тосмолоо жөнүндө Банкка, ошондой эле Банктын кызматкерине  дароо билдирүү керек, эгерде банкомат бөлүмдө жайгашса.

Төлөм карточкаларын колдонуу боюнча пайдалуу кеңештер

  • Карточканы капчыкта же атайын футлярда сактаңыз.
  • Карточканы бүктөлүп, чийилип калуудан жана башка механикалык таасирлерден жана бузулуудан сактоо керек. 
  • Карточканы уюктук телефондун, телевизордун, компьютердин дисплеенин, муздаткычтын, видео жана аудио аппаратуралардын, микро толкундуу мештин  жанында кармабаш керек.
  • Магниттик бекиткичи бар сумкада же капчыкта карточканы сактабаш керек.  
  • Карточканы суудан жана күн нурунун таасиринен сактоо керек. 

Ошондой эле, Сиздин карточкаңыз боюнча алдамчылыкты алдын алуу максатында, төмөндө көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн биринде төлөм картасын колдонуу токтотулган учурдан баштап, Банкка Сиздин төлөм карточкаңызды  тосмолоо жана жаңы номер жана жаңы ПИН-код менен, жаңы төлөм карточкасын  кайрадан чыгаруу үчүн кайрылуу керек:

  • Бразилия
  • Гонконг
  • Индонезия
  • Малайзия
  • Мексика
  • Нигерия
  • Сингапур
  • Таиланд
  • Тайвань
  • Украина
  • Потругалия
  • Испания
  • Корея
  • Великобритания

Наиболее распространенные виды мошенничества:

Фишинг

Фишинг – реалдуу иштеп жаткан сайттардын  (колдонуучу өзүнүн жеке маалыматын бериши мүмкүн болгон онлайн сервистер, банктар  ж.б. жерлер) көчүрмөсүнө Интернет колдонуучуларды тартуу үчүн  жалган каттарды таратуу.  Бул билдирүүлөрдө, бул маалыматты жаңыртуу шылтоосу менен, жеке маалыматтарды киргизүүнү колдонуучулардан өтүнүшөт.  Бирок, респектабелдүү компаниянын веб-баракчасы курмандык катары көрүнүшү мүмкүн, а чындап келгенде алдамчылар тарабынан түзүлгөн имитация болуп эсептелет.  Алдамчылар тарабынан төлөм карточкасынын номерин, ПИН-кодду,  ошондой эле жеке маалыматтарды алуу   оңойго турат.

Фишингдин жардамы аркылуу алынган маалыматтар интернет-дүкөндөрдө сатып алууларды тариздөө, ошондой эле почта же телефон боюнча авторлоштуруу жардамы менен каражаттарды алуу үчүн колдонулат.   Мындай алдамчылыктын негизги коркунучу, карточка менен акчаны алууда ПИН-код колдонулат, анын натыйжасында мындай операцияларга каршы чыгуу мүмкүн эмес. Банктар кардарга алар тарабынан берилген коддорду жана шарттуу белгилерди эч качан сурабай тургандыгын билүү маанилүү. Инфотехнологиялар менен банктык тутумдар так жана ишенимдүү, ошондуктан, кардарлар “бизден бир нерсе жоголуп кетти” же “биз нерсени текшергибиз келет” деп айтылгандарга ишенбөө керек.  
 
Ушул сыяктуу  чагымдарга эч качан алдырбоону жана алдамчылардын жетегинде калбооңузду Сизден биз абдан өтүнөбүз. Банктан ар жолу кат алганда, ал жөнөтүүчү катары чын эле  жөнөттүбү, ушуну ойлонуңуз.  Күмөн санасаңыз күнү-түнү иштөөчү төмөндөгү телефондорго кайрылууңузга жана маалыматты кайрадан текшерүүгө кеңеш беребиз: +996 (312) 90 59 59. Төмөндөгү маалыматка көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз:

«Оптима Банк» ААКсы  электрондук почта боюнча Сиздин жеке маалыматтарыңызды ЭЧ КАЧАН СУРАБАЙТ, б.а. коопсуздук түшүнүгүнө каршы келет.   

 Күмөндүү операциялар жөнүндө билдирүүгө көңүл бурууңузду өтүнөбүз. Эгерде Сиздин эсебиңизге  Сиз күтүп жаткан акча келип түштү деп билдирсе, алдамчылык аракетине шек саноо жетиштүү.  Эгерде алдамчылык курмандыгы боло элек болсоңуз, же Сиздин акчаларыңыз чоочун бирөөнүн колуна түшүп калганына шек санасаңыз, бул жөнүндө «Оптима Банк» ААКсына  төмөндөгү телефон боюнча дароо кабарлаңыз: +996 (312) 90 59 59

Фишингдин  мисалдары

Ситибанк кардарларына жөнөтүлгөн фишинг катынан мисал: “Сиздин кезектеги эсебиңизге 2000  АКШ долларынан ашкан суммада чет өлкөлүк валютада акча которуу алынды. Колдонуучунун макулдашуусуна ылайык, Сиздин кезектеги эсебиңизге аны ийгиликтүү чегерүү үчүн, бул акча которууну тастыкташыңыз керек. Төлөмдү тастыктоо үчүн,  Сиздин эсепти тескөөчү Citibank Online программасына кириңиз жана сунушталган нускаманы караңыз.   Эгерде тастыктоо 48 сааттын ичинде алынбаса, төлөм жөнөтүүчүгө  кайтарылат”.  Фишингдин классикалык мисалы: шарттуу белгини алмаштыруу өтүнүчү менен,  Банктын коопсуздук кызматынан электрондук почтадан келген кат сыяктуулар.  Катка шилтемелеп, колдоочу Банктын интерфейс сыртынан сайтын эске салган  кандайдыр бир ресурска кирет.

Мындай баракчага жеке маалыматтарыңызды киргизүү менен, колдонуучу  нитеи бузук адамга Банктагы өзүнүн эсептерин тескөөгө берет.

Cкимминг

Учурда дүйнө жүзү боюнча банкоматтарда жайылтылган алдамчылык ыкмасы болуп, скимминг – анын маалыматтарын башка картага андан ары жазып алуу менен, картанын магниттик тилкесин көчүрмөлөө эсептелет. Төлө карточкасы жөнүндө маалыматка ээ болуу менен, алдамчылар андан соң карточканы фальсификациялашат жана ПИН-кодду билип алуу менен,   кыска мөөнөттүн ичинде банкомат аркылуу, банктык эсептен ири суммадагы акчаларды алышат.

Төлөм карточкасы жөнүндө маалыматты (карточканын номерин жана ПИН-кодду) текшерүү үчүн, алдамчылар колдонгон түзүлүш, банкоматтын үстүңкү бөлүгүнө коюлат жана банкоматтын  кадыресе бөлүгү катары байкалбайт.  Мисалы, картанын магниттик тилкесин көчүрмөлөөчү эсептөөчү түзүлүш, карточканы киргизүү үчүн тешиктин үстүнө коюлат.