Дебеттик карталар
Элкарт
Улуттук карта. Элкарт – жеткиликтүү, мүмкүнчүлүгү көп карта.
Элкарт жеке адамдар жана эмгек акы долбоорлору үчүн

«Элкарт» төлөм карты – накталай эмес эсептешүүлөр жана эмгек акы, жөлөк пулду, пенсияларды алуу үчүн багытталган жеткиликтүү жана коопсуз банктык продукт.

«Оптима Банк» ААКсынын Элкарт төлөм карты, бул дайыма:

  • Картты кармоочулар үчүн Элкарт карты менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча комиссиянын төмөндүгү;
  • Уюмдар үчүн ийкемдүү жеке тарифтер;
  • Бардык учурда универсалдуу карт, Сиздин акча каражаттарыңызды башкаруу үчүн ишенимдүү жана коопсуз аспап;
  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык түзүлүштөрдө (банкоматтарда, POS-терминалдарда) кабыл алуу;
  • Банкоматтарда, POS-терминалдарда накталай акча каражаттарын акысыз алуу.

Накталай алуу

Бесплатное снятие денег в банкоматах сети банка

Толтуруу

Картты комиссиясы жок толтуруңуз
Банкта маалым даректер же накталай акча менен картты толтурса болот.

Пенсионердин карты


Designed by rawpixel.com / Freepik

«Оптима Банк» ААКсы КР Социалдык фонду менен бирге, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программасынын алкагында, өлкөнүн жарандарына пенсияларды төлөөнү жеңилдетүү максатында, «Пенсионердин карты» Элкарт картын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштайт.

Пенсионердин карты, төлөм картынан пенсияны алуу жана Элкарт картынын бардык артыкчылыктарын жана жеңилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

- Карт акысыз чыгарылат жана тейленет;
- Банктын терминалдар тармагында пенсионердин эсебинен акча каражаттарын накталай берүү дагы акысыз;

“Пенсионердин картын” ачуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

- “Пенсионердин картын” чыгаруу үчүн арыз
- Элкарт төлөм картын тейлөө жөнүндө кол коюлган келишим
- Паспорттун түп нускасы
- Пенсиялык күбөлүктүн түп нускасы

Элкарт Мобайл
Мүмкүнчүлүктөрдү ачат